Биз менен байланышыңыз

Израил-ХАМАС согушу: Газа секторунда көз жумгандар 26 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2024 | 338 | 0

Газа секторунда каза тапкандар 26 миң 422 адамга, жаракат алгандар 65 миң 87 адамга жетти. Бул тууралуу сектордун Саламаттык сактоо башкармалыгы Telegram-каналына жазды.

«Израилдин 7-октябрдан берки соккуларынан 26 миң 422 адам каза таап, 65 миң 87 адам жаракат алды», — деп жазылган билдирүүдө.

Ал арада Кызыл Айчык уюмунун Палестинадагы өкүлчүлүгү «Твиттердеги» баракчасы аркылуу Хан-Юнис шаарындагы «Ал-Амал» ооруканасында кычкылтек түгөнүп калганын кабарлады.

«Хан-Юнистеги «Ал-Амал» ооруканасында кычкылтек кору түгөнүп калгандыктан хирургиялык операция жасоого мүмкүн болбой калды», — деди уюм.

2023-жылдын 7-октябрында Палестинадагы ХАМАС уюму Газа тилкеси аркылуу Израилге абадан чабуул жасап, андан соң түштүк чек арадан кирип барышкан. ХАМАС аскерлери аскер кызматкерлерин, жай тургундарды окко тутуп, 200дөн ашуун адамды барымтага алышкан. Андан тышкары миңден ашуун адам каза таап, беш миңден ашуун адам ар кандай жаракат алган.

Израил бийлиги «Темир кылыч» операциясын жарыялап, куралдуу күчтөрү ХАМАСка каршы чабуулга өтүшкөн. Уюмдун мизи бат эле кайтарылып, Израил армиясы Газа секторун курчоого алган. Анын кесепетинен аймакка азык-оокат, дары-дармек жана башка керектүү нерселер кирбей калган.

16-январда Израил Газа секторунун түндүгүнөн чабуул аяктаганын жарыялап, кийинки баскычта Хан-Юнис шаары аркылуу түштүктөн чабуул башталарын маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM