Чүйдөгү №1 колонияда чыккан чуу токтотулду. Мындай маалыматты Жазаларды аткаруу кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 26-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү мекемесинде болжол менен 50-60 соттолгон жаран мекеменин кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбестик көрсөткөн.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 11 грамм баңги заты, 22 уюлдук телефон, 120 даана кесүүчү-саюучу буюмдар, курамында спирт бар колго жасалган 1 литр зат жана 146 даана ар кандай буюмдар табылган.
Ички тартип эрежелерине баш ийбеген соттолгондор айып изоляторуна киргизилди. Бул факты боюнча тергөө иштери башталды. №1 түзөтүү мекемесинде кырдаал туруктуу экени кабарланды.