Биз менен байланышыңыз

Чүйдөгү №1 колонияда чыккан чуу токтотулду

Кыска кабар | 27 Янв 2024 | 281 | 0

Чүйдөгү №1 колонияда чыккан чуу токтотулду. Мындай маалыматты Жазаларды аткаруу кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 26-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү мекемесинде болжол менен 50-60 соттолгон жаран мекеменин кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбестик көрсөткөн.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 11 грамм баңги заты, 22 уюлдук телефон, 120 даана кесүүчү-саюучу буюмдар, курамында спирт бар колго жасалган 1 литр зат жана 146 даана ар кандай буюмдар табылган.

Ички тартип эрежелерине баш ийбеген соттолгондор айып изоляторуна киргизилди. Бул факты боюнча тергөө иштери башталды. №1 түзөтүү мекемесинде кырдаал туруктуу экени кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM