Туман болуп жаткандыктан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга кайрылды.
Жолдор тайгак болуп, автоунаалардын жүрүү кыймылына тоскоолдуктар жаралып жаткандыктан, төмөнкү эрежелерди так сактоо зарыл:
-Жолдордун тайгактыгын же кечкисин жол тыгыны пайда болушун эске алып, бара турган жериңизди пландоо менен жолго 20-30 мүнөт эртерээк чыгыңыз;
-Унааңызды жүргүзүү учурунда, кышкы дөңгөлөгүнө, кыймылдаткыч майына, терезе арчыгычтардын иштөөсүнө жана жалпы техникалык абалына көңүл буруңуз;
-Жолдо жүрүү учурунда ылдамдыкты көрсөтүлгөн белгиден ашырбаңыз;
-Алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактаңыз;
-Ашып өтүүдө же маневр жасоо учурларында карама-каршы багыттагы келе жаткан унаага көңүл буруу менен шашылбай чыгыңыз;
-Алыскы жолго чыга турган болсоңуз сөсүз түрдө дөңгөлөкө оролуучу чынжырларды же кошумча дөңгөлөктөрдү алып алууну унутпаңыз.
Жол кыймылынын коопсздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жолдордогу мындай катаал кырдаал 3-4 күнгө чейин уланаарын эскертип, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.