Connect with us

Бишкекте экинчи улуттук салык форуму өтөт

Кыска кабар | 27 Янв 2024 | 232 | 0

30-январда Бишкекте экинчи улуттук салык форуму өтөт. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, эл аралык уюмдардын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле ишкерлер катышат.

Форумда салыктык башкаруу, санариптик технологияларды ишке киргизүү маселелери, ошондой эле Салык кызматынын 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана ушул жылга карата пландары тууралуу маалыматтар берилет.

Салык кодексинин ченемдери каралат. Ошондой эле «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорлору жана салык төлөөчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртуу жолдору каралат.

Мындан тышкары, салыкчылар жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда интерактивдүү дискуссия өткөрүлөт. Анын алкагында салыктык кызматтарды, электрондук салык сервистерин колдонуу тажрыйбасын жана салык сабаттуулугун жогорулатуу маселелери талкууланат. 

Форумду өткөрүү мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун ортосунда натыйжалуу диалог курууга өбөлгө түзөрү маалымдалат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM