Баткенде ири өлчөмдөгү акчаны аткезчилик жол менен алып чыгып бараткан адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Кадамжай районунун 32 жаштагы И. И. аттуу тургуну Өзбекстан мамлекетине өтүп баратканда, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери токтоткон.
Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын багажынан эки кап табылып, ичинен 11 млн 700 миң рубль, 110 миң доллар чыккан.
Бул фактыны Баткен облустук ички иштер бөлүмү бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (экономикалык аткезчилик) катталды.
Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылат маалыматта.