Кыргызгидромет билдиргендей, 27-январда түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5,
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6,
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -6…-11.
Бишкекте жаан-чачын болбойт, туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5 градус суук, күндүз +3…+5 жылуу болушу күтүлөт.