Биз менен байланышыңыз

Быйылкы жылдын алгачкы кооз датасында 184 түгөй баш кошту

Кыска кабар | 25 Янв 2024 | 219 | 0

Быйылкы жылдын биринчи кооз датасында, башкача айтканда, 24.01.24. күнү Кыргызстан боюнча 184 түгөй никеге турушту. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү министрлигинен кабарлашты.

Борбор калаада 41 түгөй баш кошуп, анын ичинен 14ү Бакыт өргөөсүндө баш кошушту. Ош шаарындагы Бакыт өргөөсүндө 4 түгөй баш кошушту.

Калкты каттоо департаменти 2023-жылы 44 миң 776 нике каттаган. 2022-жылга салыштырмалуу нике каттоосу 1430га көбөйгөн. 2024-жылдын январь айында 2838 түгөй никеге турган.

Никеге туруп жаткан түгөйлөр арыз берген күндөн тарта бир ай өткөндөн кийин никелешүүнү мамлекеттик каттоо жолу менен жүргүзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM