Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Октябрь окуяларында кримчөйрө кимди колдогонун айтты

Кыска кабар | 25 Янв 2024 | 286 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек куруп, 2020-жылы болгон Октябрь окуялары тууралуу айтты.

Ал ошол окуялар учурунда кримтөбөл Камчы Көлбаев өзүнө колдоо көрсөтпөгөнүн, мындай маалымат тараткандар аны шайлоого катыштырбоону көздөшкөнүн белгиледи. Ошондой эле Көлбаев Кыргызстандын мурдагы премьер министри Сапар Исаковду колдогонун айтты. Буга далилдер да бар экенин кошумчалады.

«Ошол мезгилде эле Камчы Көлбаев Сапар Исаковду колдоп жатканын билгенбиз. 6-октябрь күнү Камчы Көлбаев Сапар Исаковго “Атамбаев экөөңөр мына ушул унаа менен жүргүлө” деп зооттолгон «Мерседес» унаасын белек кылган.

8-октябрь күнү Камчы Көлбаев жеке өзү кримчөйрөнүн балдарына “Сапар Исаков менен Атамбаевдин группасын колдогула” деген кабар таратып, буйрук берген. Биз андай маалыматтарды ИИМдин атайын бөлүмү аркылуу телефон сүйлөшүүлөрүнөн угуп турганбыз.

Алар криминалдар: “Бардык күчтөр бирикти, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жалгыз калышты, элдин баары Сапар Исаковду колдошот, ал президент болот” деп, 8-октябрь күнү өздөрүнчө жыйынтык чыгарып алышкан. 9-октябрь күнү бардык күчтөр биригип, анан бизге каршы аянтка чыгышпадыбы.

Эсиңерде болсо, ошол күнү карапайым эл “бириккен күчтөрдү” аянттан кубалаганда Сапар Исаков менен Атамбаев Камчы Көлбаев белек кылган зооттолгон унаа менен аянттан качышкан. Ошондо белгисиз бир киши травматикалык тапанча менен унааны эшикке аткан. Ал унаа ушул күнгө чейин бир жер төлөдө сакталып туруптур. Желим ок тийген эшиги оңдолбостон, ошол эле бойдон экен.

Кечээ жакында жер төлөдөн табылып, унаанын кожоюну, кримчөйрөнүн өкүлү Мурат Рамонов көрсөтмө берип, Сапар Исаковго кайсы дарекке, кайсы убакта Камчы Көлбаевдин тапшырмасы менен алып барып бергенин (6-октябрь күнү) айтып берди. Ошол үчүн толук далилдер бар деп айтып жатам» , — деди Жапаров.

Камактагы он бир журналисттин туугандары бийликке кайрылуу жолдоду

Кыргызстанда 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы нааразылык жаратып, митинг өткөн. Ал массалык башаламандыктар менен коштолуп, бир адам мерт кеткен жана бийлик алмашкан. Камактагы бир топ саясатчы бошотулуп, кийин кайра камалышкан. Ошол күндөрү борбордук аянтта жүргөн саясатчы, депутаттар сурак беришкен. Ички иштер министрлиги айрым саясатчыларга иш козгогон.

Кыргызстанда Конституция өзгөртүлүп, президенттик башкаруу киргизилген.

6-октябрга караган түнү Бишкекте болгон башаламандык учурунда абактан бир топ саясатчы чыгарылган. Алардын көбү кайра камакка алынган. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков соттун чечимине жана тергөөчүнүн токтомуна таянып берилген мөөнөттө абакка кайтып келбегендиктен мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

УКМК: Спортчу Рамонов Көлбаевдин унаасын Сапар Исаковго белек кылган

Copyright © 2017 Maral FM