Connect with us

УКМК: Спортчу Рамонов Көлбаевдин унаасын Сапар Исаковго белек кылган

Кыска кабар | 30 Окт 2023 | 791 | 0

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунда жүргөндөрдүн бири белек кылган кымбат баалуу унаа табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Камчы Асанбектин жана ага тиешеси бар адамдардын мыйзамсыз мүлктөрүн аныктоо чараларынын жүрүшүндө Мурат Рамонов кармалган.

Кармалган адам К. Асанбектин кылмыштуу жол менен алынган мүлктөрүн мыйзамдаштыруу максатында өзүнүн атына каттатып, кийин Сапар Исаковго өткөрүп берген.

Маалым болгондой, Мурат Рамонов 2020-жылдын октябрь айында абактан чыккан Сапар Исаковго өзүнүн «Мерседес-Бенц S600» брондолгон унаасын белек кылган.

Сапар Исаков бул унааны 5-октябрдагы борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы массалык башаламандык уюштуруу учурунда колдонгон.

Кыргызстандын 12 жолку чемпиону, бир нече жолку Азия чемпионатында күмүш жана коло байгелерди багынткан Рамонов Мурат Туганович 25-октябрда «Камчы Асанбектин тобуна тиешеси бар» деген шек менен суракка чакырылып, андан соң убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

УКМК аны «Айчүрөк» соода борборунун (ЦУМ) кожоюнуна жардамчы экенин көрсөткөн. А бирок соода борбордун жетекчилиги «Мурат Рамонов эч кандай жардамчы болгон эмес, биз менен байланышы жок» деген билдирүү тараткан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM