Биз менен байланышыңыз

Камактагы он бир журналисттин туугандары бийликке кайрылуу жолдоду

Кыска кабар | 24 Янв 2024 | 183 | 0
«Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы

Камактагы он бир журналистинин туугандары президент Садыр Жапаровго, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго, Ички иштер министри Улан Ниязбековго, Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбековго, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдошту.

«Биздин балдарыбыз эч качан массалык баш аламандыктарды уюштурууга катышкан эмес. Алардын баары журналист катары социалдык, экономикалык, коррупциялык көйгөйлөрдү гана чагылдырып, кыргыз элине ак дилден кызмат кылышкан. Жогорудагы маселелерди чечүү үчүн конструктивдүү пикирлерди айтып келишкен. Алардын ар бири элин, мекенин сүйгөн чыныгы патриоттор. Алар журналисттик ишмердүүлүгүндө ар дайым кыргыз элин биримдикке, ынтымакка чакырып келишкен» , — деп айтылат кайрылууда.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин бөгөт чарасын карап, кармалган 11 журналисттин баарын 13-мартка чейин абакта калтырган.

16-январдын таңында айтылган журналисттердин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, өзүлөрү ИИМге суракка жеткирилген.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айыпталышууда.

Copyright © 2017 Maral FM