Бишкек шаарында 25-январдан тарта №56 автобус каттамы ишке кирет. Мэриядан билдиришкендей, жаңы каттам Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик-Баатыр, Жибек-Жолу, Ч.Айтматов проспекттерин камтыйт.
Анын узундугу 24 чакырым, кыймыл интервалы 10 мүнөттү түзөт. Каттамга 25 автобус чыгат. №56 автобус каттамы №55 маршруттун карама-каршы багыты боюнча жүрөт.
Буга чейин мэрия Бишкекти чоң унаалар менен айланып жүрүүсүн, анын ичинде перпендикуляр кыймылды камсыз кылган бир нече чакан шакекчелерди жасоону пландаган.