Марал Радиосу

Бишкекте жаңы автобус каттамы ачылууда

Бишкек шаарында 25-январдан тарта №56 автобус каттамы ишке кирет. Мэриядан билдиришкендей, жаңы каттам Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик-Баатыр, Жибек-Жолу, Ч.Айтматов проспекттерин камтыйт.

Анын узундугу 24 чакырым, кыймыл интервалы 10 мүнөттү түзөт. Каттамга 25 автобус чыгат. №56 автобус каттамы №55 маршруттун карама-каршы багыты боюнча жүрөт.

Буга чейин мэрия Бишкекти чоң унаалар менен айланып жүрүүсүн, анын ичинде перпендикуляр кыймылды камсыз кылган бир нече чакан шакекчелерди жасоону пландаган.

Бишкекте автобустар көбөйүп, жол кире көтөрүлдү

Exit mobile version