Биз менен байланышыңыз

Монголиянын борборунда 60 тонналык газовоз жарылды (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Янв 2024 | 456 | 0

Монголиянын борбору Улан-Батор шаарындагы ири базардын жанынан 60 тонналык газ ташыган унаа жарылды. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук агенттик тастыктаганын жергиликтүү басылмалар жазды.

«Улан-Батордун Баянзурх районунунда түнкү саат 1:07де ири көлөмдө табигый газ ташыган унаа менен жүргүнчү ташыган унаа кагышкан», — деп айтылат билдирүүдө.

Кырсыкка кабылган унаа 30-40 метрдей жерге учуп кеткен. Өрт тез жайылып, айлана-тегерегиндеги унааларды, үйлөрдү кошо чарпкан.

Бейрасмий маалыматтарга караганда, кырсыктан 6 адам каза таап, 10 адам ооруканага жеткирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM