Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик салык кызматы жылдык планын 3 млрд сомго ашык аткарды

Кыска кабар | 24 Янв 2024 | 159 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылы 249 млрд 400 млн сом чогултуп, планды 3 млрд сомго ашык аткарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Жыйналган салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү 2022-жылга салыштырмалуу 41 млрд 300 млн сомго көп чогулган.

Чогулган акчанын 185 млрд 16 млн 500 миң сомун салыктар жана төлөмдөр, 64 млрд 387 млн 400 миң сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзгөн. 

«Салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү, ошондой эле ишкерлердин онлайн тейлөөгө өтүшү максаттарга жетүүдө жана пландык көрсөткүчтөрдүн ашык аткарылышында негизги роль ойноду. Көзөмөл-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана башка санариптештирүү долбоорлорун киргизүү жана колдонуу салыктарды чогултуу процессинин натыйжалуулугун кыйла жакшыртты», — деп берилген билдирүүдө. 

Аны менен катар, жыйынтыктарга жетишүүгө салык төлөөчүлөрдүн арасында салык мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу жана санариптик салыктык кызматтарды пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү да салым кошкону айтылат. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM