Биз менен байланышыңыз

Түркия парламенти Швециянын НАТОго кирүүсүнө макулдук берди

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Янв 2024 | 279 | 0

Түрк парламенти узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Швециянын НАТОго кирүүсүн көпчүлүк добуш менен жактырды (287 добуш 55ке каршы).

BBC орус кызматынын маалыматы боюнча, жакынкы күндөрү ратификациялык документке Түркия президенти лидери Режеп Тайип Эрдоган кол коеру күтүлүүдө.

Ондогон жылдар бою аскерий альянстарга кошулбаган Швеция Орусиянын Украинага каршы агрессиясы башталгандан кийин 2022-жылы Финляндия менен бирге НАТОго кирүү арызын берүүнү чечти.

Түркия Швецияны Күртстан жумушчу партиясынын мүчөлөрүнө башпаанек берип жатат деп айыптап келген жана ошол себептен НАТОго кабыл алуу жараянын кечеңдетип келди.

Финляндия өткөн жылдын апрель айында НАТОго толук кандуу мүчө болуп кирген, ал эми Швеция альянска кошулуу жараянын аягына чыгара алган эмес.

Швециянын арызы Венгрия тарабынан ратификациялана элек. Премьер-министр Виктор Орбан 23-январда кесиптешин бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Будапештке чакырды, бирок Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем азыркы этапта венгриялык тарап менен сүйлөшүү үчүн эч кандай негиз көрбөй турганын айтты.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг түрк парламентинин чечимин кубаттап, Венгрия да жакынкы келечекте Стокгольмдун арызын колдойт деген үмүтүн билдирди.

«Венгрия ратификацияны мүмкүн болушунча тезирээк бүтүрөт деп үмүттөнөм. Швециянын мүчөлүгү НАТОну күчтөндүрөт жана баарыбызды коопсуз кылат», — деди ал.

Финляндия расмий түрдө НАТОго мүчө болуп кирди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM