Финляндия расмий түрдө НАТОго мүчө болуп кирди

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки Twitter баракчасына Финляндия расмий түрдө НАТОго мүчө болгонун жазды. Ал өлкөнү альянстын 31-мүчөсү болушу менен куттуктады. «Учурда альянста 31 мамлекет бар. Күчтүү өнөктөштөр Польшанын, аймактын жана бүткүл дүйнөнүн коопсуздугунун кепилдиги» — деп жазган Польшанын премьер-министри Моравецки. Буга чейин, 3-апрелде НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Финляндия 4-апрелден тарта альянска кошуларын ырастаган болчу. … Читать далее Финляндия расмий түрдө НАТОго мүчө болуп кирди