Биз менен байланышыңыз

Финляндия расмий түрдө НАТОго мүчө болуп кирди

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Апр 2023 | 381 | 0

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки Twitter баракчасына Финляндия расмий түрдө НАТОго мүчө болгонун жазды. Ал өлкөнү альянстын 31-мүчөсү болушу менен куттуктады.

«Учурда альянста 31 мамлекет бар. Күчтүү өнөктөштөр Польшанын, аймактын жана бүткүл дүйнөнүн коопсуздугунун кепилдиги» — деп жазган Польшанын премьер-министри Моравецки.

Буга чейин, 3-апрелде НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Финляндия 4-апрелден тарта альянска кошуларын ырастаган болчу.

Финляндия Швеция менен бирге 2022-жылдын май айында НАТОго кирүүгө арыз берген. Түркия алардын альянска кошулуусуна каршы болгон, бирок 1-апрелде президент Режеп Тайып Эрдоган Финляндиянын арызын кайра кароо чечимине келген.

Ал эми Швециянын НАТОго кирүүсү Стокгольмда швециялык оңчул саясатчынын Курандын көчүрмөсүн өрттөп жибергенден кийин татаалдашкан. Анткени анын бул аракетин Түркия бийлиги сындап, Швециянын НАТОго кирүүсүнө каршы добуш берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM