Биз менен байланышыңыз

Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издөө токтотулду (видео)

Кыска кабар | 24 Янв 2024 | 405 | 0

Аламүдүн капчыгайында жоголгон Маматалы уулу Мухаммедалыны издөө токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кечээ, 23-январда ӨКМден 172 куткаруучу, ИИМден 110 кызматкер кечки саат 18:00гө чейин издеп, табылбаган соң активдүү издөөнү токтотушту.

Издөө үчүн жалпы 22 техника, 7 дрон менен иш алып барышкан. Анын 6 дронун, 18 техникасын ӨКМ, 1 дронун, 4 техникасын ИИМ жөнөткөн.

Он күндүк тынымсыз издөө иштерин жүргүзгөнү үчүн жоголгон адамдын жакындары ӨКМ, ИИМ кызматкерлерине ыраазычылык билдиришкен.

Эске салсак, 14-январда 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухаммедалы үйүнөн чыгып кетип, акыркы жолу түнкү саат 2:00дө байланышка чыккан.

16-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине капчыгайга кеткен адамдын дайынсыз болуп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.

Жигиттин таңга маал тоо тарапты көздөй баратканы Аламүдүн капчыгайындагы «Жаннат Резорт» мейманканасынын камерасына түшүп калган.

Мухаммедалыны издөө иштери министр Бообек Ажикеевдин көзөмөлү астында жүргүзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM