Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 24-январда да бир нече ирет жер титиреди

Кыска кабар | 24 Янв 2024 | 182 | 0

24-январдын түнүндө да бир нече ирет жер титиреди. Маалымат Сейсмология институтунун порталына жайгаштырылды.

Порталдан көрүнүп тургандай, биринчи жер титирөө Кытай менен чектешкен аймакта саат 1ден 41 мүнөт өткөндө катталган.

Силкинүү күчү Жети-Өгүз районунун Ыштык айылында 2,5 баллга жеткен.

Экинчи жер титирөө да ушул эле аймактарда саат 2ден 38 мүнөт өткөндө катталган.

Силкинүү күчү очогунда 6,5 баллга жетип, Ыштык, Бедел, Кара-Сай, Ак-Шыйрак айылдарында 3 балл болгон.

Үчүнчү жер титирөөнүн очогу Кочкор айылынын түштүк-чыгышынан 30 километр алыстыкта катталган.

Силкинүү күчү очогунда 4,5 баллга жетип, Кара-Саз, Туура-Суу, Кочкор айылдарында 3,3 балл болгон.

Төртүнчү жер титирөө саат 8ден 39 мүнөт өткөндө Нарын районунун Жерге-Тал айылынан 12 километр түндүк-батышта катталган.

Очогундагы силкинүү күчү 4 баллга жетип, Жерге-Тал, Казан-Куйган, Тегерек, Оттук, Кызыл-Жылдыз айылдарында 3 балл, Ылай-Суу, Шоро, Жан-Булак, Ак-Талаа, Эчки-Башы айылдарында 2,5 балл болгон.

Жабыркагандар, кыйроолор боюнча азырынча расмий маалымат бериле элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM