Биз менен байланышыңыз

«Чет өлкөлүк агент» мыйзамы кабыл алынса, таасири кандай болот?

Коом , Саясат | 23 Янв 2024 | 817 | 0

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамдын долбоорун экинчи окууда колдоду. Министрлер кабинети, Президенттин администрациясы да «Чет элдик өкүл» мыйзам долбоорун колдой турганы маалым болду. Мыйзам долбоорунун автору, депутат Надира Нарматова Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү, тагыраагы, «коммерциялык эмес уюмдун мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөнү аныкталып, күнөөсү далилденсе, үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылсын» деген ченемди киргизүүнү сунуштап келет. Ошондой эле жыл сайын милдеттүү түрдө аудиттен өтүп турушу керек. Мындан сырткары экинчи окууда «саясий өңүттөгү иш-аракеттер» ченеми киргизилди. Ага айрым депутаттар тынчсыздануусун билдирип, ченем бейөкмөт уюмдардын ишине тоскоолдук жаратарын айтышууда. Буга чейин авторлор он жылга чейин деп сунушташкан болчу.

Бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде депутаттар «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамдын долбоорун экинчи окууда талкуулап, жыйынтыгында колдоп беришти. Мыйзам долбоорунун автору Надира Нарматова экинчи окууга биринчи окууда берилген сунуштардын негизинде алып келгенин айтты. Дагы бир депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоорундагы айрым ченемдер өтө эле жалпылаштырылып жазылганын айтып, комитеттин күн тартибинен алып салууну сунуштады, бирок сунуш колдоо тапкан жок.

Жалпысынан 17 депутаттан сунуш түшкөн, кийин бир депутат сунушун чакыртып алган.

Башкы демилгечи депутаттын айтымында, мыйзам кабыл алынса, бүгүнкү күндө иштеп жаткан бейөкмөт уюмдар милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек. Ошондой эле алар жыл сайын милдетүү түрдө көз карандысыз аудиторлор менен аудит жүргүзүп, сайтына жайгаштырышы зарыл.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» бардык мыйзамды карап чыгып, бүгүнкү күндүн зарылчылыгына, муктаждыгына жараша үч беренеге өзгөртүү киргиздик. Экинчи беренеге «чет өлкөлүк комерциялык эмес уюмдар» деген терминди киргизгенбиз. Ошондой эле 2-беренеде комерциялык эмес чет өлкөлүк уюмдардын иш-аракеттерин так жазганбыз, андан сырткары экинчи окууга «саясий өңүттөгү иш-аракеттер» ченеми кошумча киргизилди. 2-17-беренелерде алардын иш-аракеттери так айтылып, 17-беренеде каттоодон өтүү ыкмалары, отчёт тапшыруу тартиптери жазылган. Ошондой эле жыл сайын милдеттүү түрдө көз карандысыз мекемелер аркылуу аудиттен өтүп турушу зарыл. Жыйынтыгын сайтына жайгаштырышы керек. Анда «канча акча кайсы өлкөдөн келди, кандай максатка, кайсы багыттарга жумшалууда» деген маселелер элге толук көрүнүп турат».

Бирок бейөкмөт уюмдар мамлекеттик органдарга жыл сайын ачык отчёт тапшырып турушарын айтып келишет.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева экинчи окууда карама-каршылыктар жоюлганын белгилеп, каралып жаткан өзгөртүүлөргө макул экенин билдирди.

«Кодекс боюнча биз концепциясын колдойбуз, биринчи окууда кодекс боюнча пикирибизди айтканбыз. Бирок экинчи окууга биз айткан сунуштар толугу менен өзгөртүлүптүр. Мурда санкциясы 10 жылга чейин болсо, өзгөртүлгөн вариантта үч жылдан беш жылга чейин экен. Ошондой эле мурда «коммерциялык уюм түзүү» беренеси болсо, азыр «коммерциялык уюм тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүү» деп такталып, аныкталып жазылыптыр. Ушундан улам биз бул кодекстеги өзгөртүүлөргө макулдук бердик».

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, саясатка аралашуу беренеси аркылуу бейөкмөт уюмдарда иштеп жаткан жарандар жумушсуз калышы мүмкүн.

«Мыйзам долбоору эртең эле курал катары колдонулуп калат. Менин оюмча, бул өтө терс таасирин тийгизет. Мен түшүнүп жатам, бейөкмөт уюмдар жабылбайт, бирок биздин бир топ жараныбыз жумушсуз калат. Аларга кээ бир долбоорлорду жазууга, уюштурууга ыңгайсыз болот, мүмкүнчүлүк калбай, шарт болбой калат. Жарандар: «Мен жөнүндө жаман ойлобосун», — деп долбоор жазбай, жумушсуз калат».

Ал эми юстиция министринин орунбасары Орозбек Сыдыков 1999-жылы кабыл алынган «Бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорунда да саясий иштерге аралашпасы жазылганын айтып, бул берене эч кандай терс таасирин тийгизбей турганын белгиледи.

«Биринчи концепциясы кирип жатканда «саясий ишмердиктин формулалары кирбей калыптыр» деген пикирлер айтылган. Кийин ал демилгечи депутат тарабынан иштелип, кайрадан кириптир, бул ишти деталдаштырууга жол берерин билдирем. Негизинен бейөкмөт уюмдар саясий багытта түзүлбөйт, ошондуктан бул  мыйзам долбоору алардын ишине терс таасирин тийгизбейт».

Ал эми мыйзам долбоорунун автору «саясий» деген сөз эч кандай жалпылаштырылбаганын, мыйзамда баары так жазылганын билдирди.

Мыйзам долбооруна ылайык «чет өлкөлүк өкүл» макамы соттун чечими менен гана берилет. Алгач эскертүү катары административдик чара көрүлүп, кийин мыйзам бузуулар аныкталса, сот үч жылдан беш жылга чейин жазага тарта алат.

Нарматова «чет өлкөлүк өкүл» макамын алгандан кийин ал кайсыл жерде болбосун, ачык көрсөтүшү керектигин белгилейт. Мисалы, кандайдыр бир макала жазса, астына «чет өлкөлүк өкүл» экенин кошо жазышы шарт. Ал макам өмүр бою калат.

Журналисттер коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбековдун айтымында, бул макам кийин ал жаранга кандайдыр бир терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

«Эгер «чет өлкөлүк өкүл» деген жаран кийин шайлоого же дагы башка иштерге катыша турган болсо, албетте, терс таасирин тийгизет. Себеби бизде өзгөчө шайлоо мезгилинде атаандаштыктан улам бири-бирине компроматтарды, аброюна шек келе турган нерселерди издейт да. Эгер ушундай макам алса, сөзсүз түрдө терс таасирин тийгизет. Атаандаштары: «Бул мурда агент деген макам алган», — деп айтары бышык эле». 

Жогорку Кеңеш былтыр 25-октябрда Надира Нарматова баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.

Долбоорго 52 депутат «макул», жетөө «каршы» добуш берген. 13 депутат добуш берген эмес, 18 депутат жыйында болгон эмес.

«Чет элдик өкүл» мыйзам долбоорун Надира Нарматова демилгелеген. Мыйзам долбоорунун демилгечилери катары 32 депутат көрсөтүлгөн. Кийин демилгечи топтон бир катар депутаттар чыгып кеткен.

Былтыр 120 бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаттарын «чет элдик агент» жөнүндөгү мыйзамды четке кагууга чакырышты. Алар өздөрүнүн кайрылуусун социалдык тармактарга жарыялашкан.

Copyright © 2017 Maral FM