Биз менен байланышыңыз

ӨКМ жарандарга «дүрбөөн баштык» камдап алууну сунуштайт

Кыска кабар | 23 Янв 2024 | 135 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ар бир адамга «дүрбөөн баштык» камдап коюуну сунуштайт.

«Дүрбөөн баштык» жөн гана аталыш, ал балким, кол сумка болушу мүмкүн, сүйрөмө чабадан болушу мүмкүн, жон баштык болушу мүмкүн, тор баштык болушу мүмкүн, айтор, кандай болгон күндө да өзгөчө кырдаалдарга даяр болуу зарыл.

Мындай баштыкка ириде документтердин өзү же көчүрмөлөрү, бир канча күнгө жете тургандай азык, акча-тыйын, суу, биринчи медициналык жардам үчүн медициналык буюм-тайымдар, дары-дармек салынган аптечка, мезгилге жараша кийим-кечек, төшөнчү-жамынчы, жуунуп-тазаланганга керектүү каражаттар, телефондун кубаттагычы (PowerBank), батарейка, ышкырык, фонарь салынганы дурус. Ышкырык айрым бир кырдаалдарда башкаларды чакырууга, балким жардам суроого, балким өзүңдүн кайда экениңди билдирүүгө кереги тиет.

Андан кийин кагазга жакындарыңыздын, керектүү адамдардын, жабыркагандарга жардам көрсөтө турган мекемелердин номурларын жазып, чөнтөгүңүзгө сала жүрүңүз. Байланыш үзүлүп же электр жарыгы өчүп калса, же телефонуңуздун кубаты түгөнүп калса, ушул кагаз жардам бериши мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM