Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө сасык тумоого чалдыккан балдар көбөйүүдө

Кыска кабар | 23 Янв 2024 | 168 | 0

Өлкө аймагында курч респиратордук вирустук инвекция (КРВИ) жугузуп алгандар, сасык тумоого чалдыккандар күн санап өсүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

Ыкчам маалыматтарга караганда, 2024-жылдын экинчи жумасына салыштырмалуу үчүнчү жумасында, тагыраагы, 15-январдан 21-январга чейинки аралыкта 9 миң 295 бейтап кайрылган. Булардын ичинен 6 миң 243ү 14 жашка чейинки балдар болгон.

Октябрь айынан бери жүргүзүлүп жаткан лабораториялык изилдөөлөр тастыктагандай, учурда сасык тумоонун А/Н3N2 түрү көбүрөөк катталууда. Андан тышкары КРВИнин риновирус түрү 33,4%, респиратордук-синцитиалдык вирус түрү 26,9%, парагрипп түрү 18,7% жана башка вирустар 21% болууда.

Сасык тумоого айрыкча Бишкек, Ош шаарларынын, Чүй облусунун тургундары көбүрөөк чалдыгып жатканы айтылат маалыматта. Ошол эле учурда акыркы жумада COVID-19 вирусуна чалдыккан 5 бейтап ооруканаларга барган.

Ушу тапта саламаттык сактоо уюмдарында карантин жана бет кап режими киргизилгени, республика боюнча КРВИ жана сасык тумоо боюнча мониторинг уланып жатканы маалым болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM