Биз менен байланышыңыз

Алматыда жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 44кө жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2024 | 481 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Алматыда жер титирөөдөн жабыркаган 44 адам ооруканаларга кайрылды. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Жабыркагандардын көбү башы айлануу, колу-бутун дубалга же үй буюмдарына уруп алуу сыяктуу жаракаттар менен кайрылышкан.

Алардын 10у жаш бала болсо, 34ү чоң кишилер болгон. Терезеден секирип кетип, жаракат алган үч чоң киши ооруканага жаткырылып, калганы үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Жаш балдардын бешөө ооруканаларга жаткырылып, бешөөнө тиешелүү жардамдар берилгенден кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Ооруканага жаткырылган балдардын ичинде бири керебеттен, бири апасынын колунан кулап, жаракат алган 6 айлык жана 7 айлык эки ымыркай да бар экени айтылды.

Алматы шаардык ден соолукту сактоо башкармалыгы берген маалыматка караганда, бир бейтап реанимация бөлүмүндө оор абалда жатат. Ал ага чейин операция болгон. Жер силкингенде жаракаты кайра козголгон.

Учурда нейрохирургия жана травматология бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы айтылат маалыматта.

22-январдан 23-январга караган түнү түнкү саат 00:9 чамасында жер титиреген. Силкинүү Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында болуп, очогундагы күчү 6,2 баллга жеткен.

Алматы шаарында 5 баллдык силкинүү катталган. Ал эми Кыргызстан боюнча Кумтөрдө 6 балл, Ысык-Көлдүн аймактарында 4,5-5 балл, Нарын аймактарында 4-4,5 балл, Бишкекте жана Чүйдө 3-3,5 балл болгону катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM