Биз менен байланышыңыз

Өткөн жылы 99 млн 165 миң сомго асыл тукум уйлар алынган

Кыска кабар | 23 Янв 2024 | 289 | 0
Симментал породасындагы уйлар

Өткөн жылы 99 млн 165 миң 721 сомго Швейцариядан симментал жана швиц породасындагы 479 уй сатылып алынган. Бул маалымат Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин отчётунда айтылат.

Уйларды алууга каражатты «Айыл Банк» лизинг катары бөлгөн. «Айыл Банктан» бир жылда 239 дыйкан-фермер кредит алган.

Андан тышкары «Сүт сектору» долбоорун жайылтуу иштеринин алкагында Агроөнөр жай комплекси асыл тукум уй сатып алуу үчүн 336 адамга 132 млн 350 миң сом насыя берген.

Булардан тышкары өткөн жылы чет өлкөлөрдөн 371 асыл тукум кунаажын, 665 асыл тукум жылкы, СОВВ-500 породасындагы 59 миң 40 жөжө алып келинген.

Жайыттарды жакшыртуу жаатында бюджеттен 30 млн 379 миң 759 сом бөлүнүп, Орусиянын «Семена Ставрополя» фирмасынан 94 миң 490 тонна жайытка себилүүчү чөптүн үрөнү, 5 миң 10 тонна жайытты өнүктүрүү үрөнү алынган. Ал 10 миң гектар жерге себилген.

Өткөн жылы жайыт салыгынан 224 млн 160 миң 837 сом жыйналган. Бул андан мурдагы жылдардан 50 млн 670 миң 237 сомго көп. Мунун алкагында жайлоолорго кетүүчү 5 миң 485 чакырым жол, 205 көпүрө, 154 арык-каналдар оңдолуп-түзөлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM