Биз менен байланышыңыз

Чүйдө «Таза конок» ишканасынын жетекчиси алдамчылыкка шектелип камалды

Кыска кабар | 23 Янв 2024 | 571 | 0

Сокулук районунда «Таза конок» муниципалдык ишканасынын жетекчиси камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын Чүй облусундагы коррупцияны жоюу жаатында көрүлүп жаткан чараларынын алкагында «Таза конок» турак жай комплексинин жетекчиси, Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Э. Т.нын алдамчылык кылганы аныкталган.

Такталгандай, Э. Т. жасалма документтин негизинде бирөөлөрдүн жерин мыйзамсыз ээлеп алып, кийин аны башка бирөөнө сатып жиберген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (документ жасоо), 209-беренеси (алдамчылык), 212-беренеси (бирөөнүн жерин өзүм билемдик менен басып алуу) менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү Э. Т. соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул ишке катышы бар башка адамдарды да аныктоо иштери, тергөө жүрүп жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM