Биз менен байланышыңыз

Алматыда жер титирөөдөн 8 адам жабыркаганы айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2024 | 502 | 0

Казакстандын Алматы калаасындагы жер титирөөдө 8 адам жабыркады. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын көпчүлүгү үйүнөн качып чыккан учурда же терезеден секиргенде жаракат алган.

«Үч адам көп кабаттуу үйлөрдүн экинчи жана үчүнчү этажынан секиргенде жаракат алган. Эки жаран дарыгерлердин текшерүүсүнөн соң, амбулатордук дарыланууга жиберилген. Дагы биринин абалы оор деп бааланып, ооруканага жаткырылган. Калган беш жаран да үйдөн качып баратканда жеңил жарат алып, аларга да тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, үйлөрүнө жиберилген», — деп айтылат маалыматта.

Алматыда жер титирөө 4-5 баллга жеткен.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөнүн очогу Кытай менен Кыргызстандын чек арасында катталганын билдирди. Жердин термелүүсү Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 4-5 баллга чейин сезилген.  Алдын ала маалыматтар боюнча Бишкекте жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар болгон эмес.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM