Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Жер титирөө кайталанат делген маалымат фейк

Кыска кабар | 23 Янв 2024 | 550 | 0

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги социалдык тармактарда тарап жаткан фейк маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.

23-январь күнү, КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык саат 00:09да Кыргыз Республикасынын аймагында жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Каракол, Нарын облусунун Нарын шаарларында, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жер-жерлеринде маалымат топтоп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

«УРМАТТУУ ЖАРАНДАР! Социалдык тармактарда жер титирөөнүн кайра катталышы мүмкүн экендиги тууралуу тарап жаткан фейк маалыматка ишенбөөгө жана дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM