Биз менен байланышыңыз

Ошто бала бакча башчысы милицияга пара берип жатканда кармалды

Кыска кабар | 22 Янв 2024 | 472 | 0

Ош шаарында балдар бакчасынын жетекчиси милицияга пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин интернет булактарына Ош шаарындагы «Биби Мариям» бала бакчасынын тарбиячылары балдарга башка элдин улуттук кийимдерин кийгизип, тарбиялоо программасында көрсөтүлбөгөн диний жөрөлгөнү жасатып жатканы боюнча видео тараган.

Буга байланыштуу шаардык милициянын Экстремизм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү кызматы УКМК кызматкерлери менен биргеликте бала бакчага текшерүү жүргүзгөн.

Иштин жүрүшүндө бала бакчанын башчысы Ф. Х-ва текшерүүлөрдү токтотуу максатында милиция кызматкерине пара сунуштаган.

Ф. Х-ва айтылган 20 миң сомду берип жаткан жеринен колго түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 354-беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM