Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда «АвтоТехЭксперттин» оператору камакка алынды

Кыска кабар | 22 Янв 2024 | 160 | 0

Жалал-Абаддагы «АвтоТехЭксперт» ЖЧКсынын оператору камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси менен ачылган иштин алкагында УКМК кызматкерлери Жалал-Абад облусуна текшерүү жүргүзгөн. Анын негизинде «АвтоТехЭксперт» ЖЧКсына иш козголгон.

Маалым болгондой, «АвтоТехЭксперттин» операторуна «айдоочуларга унааларын техникалык кароодон өткөргөнүн тастыктаган талонду, диагностикалык картаны жасап берип турган» деген айып коюлуп жатат.

Былтыр апрелде «АвтоТехЭксперттин» Сузак райондук бөлүмүндө да ушундай иш катталып, Ч.М.М. аттуу кызматкер камакка алынып, 110 миң сом айып төлөгөн.

Буга байланыштуу «АвтоТехЭксперт» ЖЧКсынын лицензиясын жокко чыгартуу үчүн материалдар Улуттук аккредитация борборуна өткөрүлүп берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM