Биз менен байланышыңыз

«Өнүктүрүү фонддоруна түшкөн акчаны аш-тойго жумшап салбагыла»

Кыска кабар | 22 Янв 2024 | 208 | 0

Төрага Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин курамы облус жетекчилеринин, Бишкек менен Оштун мэринин 2023-жылда жасаган иштери, 2024-жылга пландары боюнча отчёттук баяндамасын угушту.

Жыйында сөз сүйлөгөн төрага Акылбек Жапаров үч жыл ичиндеги өлкө экономикасынын реалдуу секторунда, тышкы сектордо, мамлекеттик каржыдагы жетишкендиктерге токтолуп, быйыл аймактык реформага өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Андан тышкары төмөнкү учурларды айтып өттү:

  • быйыл административдик-территориалдык реформага көбүрөөк көңүл бурулат;
  • Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата бардык жерде көзгө көрүнөрлүк 100 иш аткарылат;
  • облустун, райондун өнүктүрүү фонддоруна жалпы 2,8 млрд сом түшүп, анын 1,7 млрд сому сарпталган;
  • өнүктүрүү фонддоруна түшкөн акча аймактарды өнүктүрүүгө жумшалат, аш-тойлорго коротууга тыюу салынат;
  • Кыргыз-орус, Кыргыз-венгер, Кыргыз-өзбек фонддоруна бул жаатта долбоорлор жазылышы керек;
  • быйыл 250 миң жумуш орун түзүү пландалган, бул башкы артыкчылык катары каралат;
  • ЖОЖдордун алдында квалификацияны жогорулатуучу жана кесиптик-техникалык курстарды ачуу зарыл;
  • ар бир аймакка өндүрүш ишканаларын ачууга көңүл буруу керек;
  • ККМ аппаратты айылдардагы чакан дүкөндөргө чейин жеткирүү зарыл;
  • акимдер, орун басарлары, мэрлер, айыл өкмөт башчысы, айтор, бардык кызматкерлер коррупцияга аралашпасын;
  • келип түшкөн арыздар убагында каралып, убагында чечилип турсун;
  • былтыр жазда 42 миң 567 гектар жер айдалбай калган;
  • сугат суу маселесин чечүү үчүн быйыл ирригация тармагына бюджеттен 2,2 млрд сом бөлүнөт;
  • электрондук-санариптик системага толук өтүү зарыл;
  • «Индофокс» электрондук документ жүгүртүү системасын колдоно албаган акимчиликтер да бар.

Акылбек Жапаров сөзүн: «Региондогу элге мамлекетибиздеги жасалып жаткан иштерди, Президентибиздин жетишкендиктерин, пландарыбызды жакшылап жеткириңиздер. Ар бириңердин артыңарда элибиздин тагдыры жана келечеги турат», — деп жыйынтыктаган.

Белгилей кетсек, жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери үстүбүздөгү жылдын 22-26-январь күндөрү аткарылган иштер, алдыдагы пландар боюнча маалымат берүүдөн тышкары  окуу семинарларга катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM