Биз менен байланышыңыз

Ири көлөмдөгү дары-дармекти мыйзамсыз алып келаткандар кармалды (видео)

Кыска кабар | 22 Янв 2024 | 560 | 0

Дары-дармекти мыйзамсыз ташып келүүнүн ири партиясына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Чек ара кызматы менен Мамлекеттик салык кызматынын эсепке алынбай калган товарларга текшерүү жүргүзүү учурунда «Ак-Тилек» чек ара постунан «Вольво» жүк ташуучу унаасы токтотулган.

Унаадагы жүктүн документинде айыл чарба товарлары деп көрсөтүлгөнү менен, арасын ачып текшергенде ири көлөмдөгү дары-дармек чыккан.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товар алып келүүгө, салык органдарында каттоого турууга тиешелүү документтери жок бул айдоочунун унаасындагы жер семирткичтер менен кошо 450 ящик кымбат баадагы дары-дармек табылган.

Мыйзамсыз ташылып келаткан дары-дармектин болжолдуу баасы 50 млн сом деп эсептелген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM