Биз менен байланышыңыз

АКШда ызгаар сууктан 90дон ашуун адам каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Янв 2024 | 346 | 0

АКШда ызгаар сууктан, бороондон өткөн жумада 90дон ашуун адам каза тапты. Бул маалыматты CBS News телеканалы сайтына жарыялады.

Теннеси штатында 25 адам, Орегон штатында 16 адам каза тапканы тастыкталган. Булардын ичинен үчөөнү дарак басып калган. Андан тышкары Иллинойс, Пенсильвания, Миссисипи, Вашингтон, Кентукки, Висконсин, Нью-Йорк, Нью-Жерси штаттарында да каза тапкандар бар экени маалымдалды.

Канада мамлекети аркылуу соккон арктикалык шамалдан АКШда абанын температурасы 11-16 градуска чейин кескин төмөндөгөн. Чикаго шаарында абанын басымы -34 градуска төмөндөп, мектептер ишин убактылуу токтотууга аргасыз болушкан. Ал эми Монтана штатында абанын басымы -40 градуска жеткен. Айрым жерлерде аба ырайы 56 градуска чейин төмөндөп кеткенин АКШнын метеорология кызматы билдирди.

Орегон штатынын батышында бороондон улам 45 миңден ашуун үй жарыксыз калып, штат жетекчилигин өзгөчө кырдаал жарыялоого аргасыз кылган. Пенсильвания, Калифорния, Нью-Мексико, Индиана штаттарында да жарыксыз калган айыл-шаарлар бар экени айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM