Биз менен байланышыңыз

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун IV туруна каттоо башталды

Кыска кабар | 22 Янв 2024 | 181 | 0

Бүгүн, 22-январда Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун IV туруна каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Абитуриенттерди каттоо 24-январда саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталгандардын тизмеси 25-январда саат 9:00дө илинет.

Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 27-январь саат 16:00гө чейин тастыкташы керек.

Эскерте кетсек, абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун I туру 2023-жылдын 25-декабрында башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM