Биз менен байланышыңыз

Президент: Мындан ары сырттан карыз алууда чочулоо болбойт

Кыска кабар | 22 Янв 2024 | 415 | 0

Мындан ары сырттан карыз алууда чочулоого эч кандай негиз жок, коркунуч да жок. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, мурда алынган карыздардын көбү өзүн актаган, максаттуу долбоорлорго колдонулган эмес. Ошол эле учурда Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна, «Датка Кеминге», Бишкек ЖЭБине карыздар туура алынганы менен, эки эсе кымбат болуп калган. Анан калса, акчанын көбү уурдалып кеткен.

«Азыр эми ошол карыздарды төлөө мөөнөтү келип, төлөй баштадык. 2035-жылга чейин мурдагы алынган карыздарыбызды төлөп бүтөбүз. Айрым жарандарыбыз: «Эки-үч жылда эле төлөп салабыз дебедиңер беле, кана төлөгөнүңөр?» — деген сындарды айтып жатышпайбы. Бардык резервдерибизди топтоп, төлөп салсак болот. Азыр мамлекетибиздин күч-кубаты жетет. Мурда андай эмес эле, аны жакшы билесиңер. Бирок карыз алып жатканда, макулдашууда «эгер мөөнөтүнөн мурда төлөйбүз десеңер, анда үстөк пайызы алда канча жогору болот» деген шарттары бар экен. Ал бизге пайдасыз, ашыкча чыгым болуп калат. Ошол үчүн өз убагында эле төлөп бүтөбүз. Андан коркунуч жок. Себеби бюджетибиз канча эсе көбөйгөнүн көрүп турасыздар. Мурда бюждетибиз алсыз болгондуктан, чындыгында эле «сырткы карызыбызды кантип төлөйбүз?» деген коркунуч бар болчу», — деди Жапаров.

Мындан тышкары мамлекет башчысы учурда карыздарды кайсы долбоор кандай шартта, канча мөөнөттө актай турганын тактагандан кийин алып жатышканын, андыктан чочулоого негиз жоктугун айтып, бул теманы саясатташтырбоого чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM