Биз менен байланышыңыз

Азия Кубогу: Кыргызстан Сауд Арабияга 0:2 эсебинде утулду

Кыска кабар | 22 Янв 2024 | 281 | 0

Катарда өтүп жаткан Азия Кубогунун алкагында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Сауд Арабиянын курамасына каршы оюн өткөрдү.

21-январдагы оюн Эр-Райян шаарындагы Ахмед Бин Али стадионунда өттү. Биринчи бөлүгү 0:1 менен аяктап, Сауд Арабиянын курамасы бир гол киргизди.

Оюндун экинчи бөлүгүндө атаандаштар Кыргызстандын футболчуларынын дарбазасына дагы бир гол киргизип, оюн 0:2 эсебинде Сауд Арабиянын командасынын пайдасына жыйынтыкталды.

Беттеште Кыргызстандын улуттук курама команданын эки оюнчусу кызыл айып кагазын алып, беттештен четтетилди. Оюндун 9-мүнөтүндө улуттук кураманын коргоочусу Айзар Акматов эреже бузганы үчүн кызыл айып кагазын алды.

Ал эми экинчи бөлүктүн 57-мүнөтүндө жарым коргоочусу Кими Мер да кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилди. 
Буга чейин 16-январда Кыргызстан Таиланддын курама командасы менен болгон беттеште 0:2 эсебинде жеңилген. 

Катарда өтүп жаткан Азия Кубогунда Кыргызстан F тайпасында Тайланд, Сауд Арабиясы жана Оман менен беттешүүдө. 

21-январда Кыргызстан Оман менен беттешет. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM