Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Сауд Арабия курамаларынын беттеши башталды

Кыска кабар | 21 Янв 2024 | 237 | 0

21-январда Азия Кубогунун тайпалык оюндарынын алкагында Кыргызстан Сауд Арабия курама командаларынын беттеши башталды.

Оюн Дохадагы Ахмат бин Али стадионунда өтүүдө.

Катарда өтүп жаткан Азия Кубогунда Кыргызстан F тайпасында Тайланд, Сауд Арабиясы жана Оман менен беттешүүдө.

Кыргызстандын биринчи беттеши 16-январда Таиланддын курама командасы менен ойноп 0:2 эсебинде Кыргызстандын курама командасы жеңилген.

Ошол эле күнү Сауд Арабиясы Оман курамасын командасын 2:1 эсебинде уткан.

Азыркы тапта тайпада Сауд Арабия менен Тайланд үчтөн упайы менен биринчи, экинчи орундарды ээлеп турушат. Ал эми Омандын курамасында 1 упай бар.

Кыргызстан жана Сауд Аравия курамасы тарыхта эки жолу ойногон. 1996-жылдын январь айында орун алган беттештер атаандашыбыздын пайдасына аяктаган (0-2, 0-3).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM