Connect with us

Катарда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Кыска кабар | 20 Янв 2024 | 292 | 0

22-январда Катардын Доха шаарында Кыргызстандын Улуттук күнү, ал эми 23-25-январь күндөрү Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт. Иш-чара “ЭКСПО-2023 Доха” жарманкесинин алкагында уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын Улуттук күнүндө кыргыз элинин бай маданияты сунушталып, келгендер кыргыз боз үйү, кыргыз элинин зергер буюмдары, байыркы кыргыз жоокерлеринин соот-шаймандары, кыргыздын салттуу жана заманбап кийимдери, улуттук-тамак ашы жана башкалар менен тааныша алышат.

Ал эми Кыргызстандын маданият күндөрү Катар мамлекетинин Доха шаарындагы Лусаил Бульварында Кыргызстандын павильонунда өтөт.

Чыгармачыл топтун курамында А.Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисттери, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекттик маданият жана искусство университетинин өкүлдөрү, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын, Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын, Кыргыз мамлекеттик “Учур” жаштар театрынын, Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын актёрлору, Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли, Нурдин Түгөлов атындагы мамлекеттик “Ак Марал” бий ансамбли, ошондой эле режиссёрдук коюучу топ, дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр бар.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM