Биз менен байланышыңыз

КР ТИМи ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү менен сүйлөштү

Кыска кабар | 20 Янв 2024 | 159 | 0

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбеков Кулубаев Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЕККУ) басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро менен телефон аркылуу сүйлөштү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын сүйлөшүүсү кечээ, 19-январда ЕККУнун демилгеси менен өткөн.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун сөз эркиндигин жана ЖМК эркиндигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кызматташуу маселелерин жана бул багыттагы күн тартибин талкуулашты.

Алар өлкөнүн улуттук артыкчылыктарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти, — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM