Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан өткөн жылы 439 тонна бал, 867 тонна колбаса экспорттоду

Кыска кабар | 20 Янв 2024 | 136 | 0

Кыргызстанда жалпысынан 29 ветеринардык көзөмөлдөө пункту иштейт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директору Бакыт Шарапов билдирди.

Анын ичинен 18 пункт мамлекеттик чек арага, 4 пункт убактылуу сактоочу жайларга, 5 пункт темир жол станцияларына жана 2 пункт эл аралык аэропортторго салынган.

2023-жылы импорттоодо 70 мыйзам бузуу катталып, чек арадан өткөрүлбөй, артка кайтарылган.

Шарапов былтыркы жылдагы экспорт-импорттун көлөмү тууралуу буларга токтолду:

«73 миң 905 уй, 116 миң 540 кой-эчки, 4996 жылкы, 45910,2 тонна сүт азыктары, 867,6 тонна колбаса, 5556,4 тонна балык, 471 миң 133 тери, 439 тонна бал ЕАЭБге кирген жана кирбеген өлкөлөргө экспорттолгон. Ал эми импорт тууралуу айтсак, 26292 уй, 940 кой-эчки, 7311 жылкы, 8248,3 тонна балык жана балык азыктары, 65085,9 тонна тоок эти, 192 млн 644 миң 780 жумуртка, 104 миң 400 тонна сүт азыктары, 50 миң 21 тонна канаттуулар жана жаныбарлар үчүн жем, 12941,5 тонна балык жеми импорттолгон. Чек аралардагы ветеринардык көзөмөлдөө пунктуларында 2023-жылдын 12 айында импорттоодо 70 мыйзам бузуу катталып, артка кайтаруу актылары түзүлгөн. Анын ичинде Казакстандан келген товарлар үчүн 54 акты, Өзбекстандан келген товарлар үчүн 15 акты, Кытайдан келген товарлар үчүн 1 акты жазылган».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM