Биз менен байланышыңыз

Издөөдө жүргөн адам көзөмөл камеранын жардамы менен Оштон кармалды

Кыска кабар | 19 Янв 2024 | 517 | 0

Адамдын жүзүн тааныган камералар аркылуу дагы бир кылмышка шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Т. Т. аттуу адамга Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен иш козголуп, издөө жарыяланган.

Ал Ош шаарындагы Face ID камералардын бирине түшүп калган. Камера анын издөөдө жүргөн адам экенин тастыктап берген.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM