Биз менен байланышыңыз

Түркияда Интерпол издөөгө алган кыргызстандыктар кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Янв 2024 | 241 | 0

Түркияда Интерпол тарабынан издөөгө алынган 12 өлкөнүн 42 жараны кармалды. Арасында кыргызстандыктар да бар. Бул тууралуу айтылган өлкөнүн ички иштер министри Али Ерликая «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«13 аймагыбызда бир убакта жүргүзүлгөн «KAFES-31» операциянын негизинде Интерпол тарабынан издөөгө алынган 12 өлкөнүн 42 жараны кармалды. Операция уланууда. Кандай гана болбосун, калкыбыздын тынчтыгын бузган кылмышкерлерди жөн койбойбуз. Баарын бирден кармап, абакка салабыз», — деп жазды министр.

Маалым болгондой, «KAFES-31» операциясы Анкара, Анталия, Бурса, Эрзурум, Эскишехир, Кыркларели, Хатай, Стамбул, Измир, Мерсин, Нигде, Сакаря, Ушак аймактарында жүргүзүлгөн. Анда Азербайжан, Босния-Герцеговина, Германия, Египет, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Финляндия, Швецияда изделип жаткан шектүүлөр кармалган.

Алар негизинен кылмыштуу топ түзүү, мыйзамсыз курал-жарак сатуу, наркосоода менен алектенүү, киши өлтүрүү, адам сатуу, алдамчылык, салыктан качуу, жасалма документ менен алектенүү сыяктуу кылмыштарга айыпталышкан.

Түркиянын полиция кызматкерлери жыл башынан бери эл аралык издөөдө жүргөн 114 адамды кармаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM