Биз менен байланышыңыз

«Берекет Универсал» базарында мыйзамсыз товар сатуулар аныкталды

Кыска кабар | 19 Янв 2024 | 694 | 0

Бишкек шаарындагы «Берекет универсал» базарынан аткез товар сатуу фактысы аныкталды.

Мамлекеттик салык кызматы Ички иштер министрлиги менен биргеликте атайын текшерүү жүргүзгөн. Анын алкагында базарда мыйзамсыз сатылып жаткан 8 миң 545 куту (коробка) тартылып алынган.

Маалыматта соодагерлерге мыйзамдын негизинде чаралар көрүлөрү айтылат.

Эскерте кетсек, акциздик маркасы жок 500 пачкага чейин тамеки саткандарга 65 миң сом айып салынат. Ал эми 1000 пачкадан ашып кетсе, 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM