Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Казакстанда өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Янв 2024 | 287 | 0

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстандын борбору Астана шаарында өтөт. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Туризм жана спорт министрлиги билдирди.

Бул жылдагы оюндарды 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин өткөрүү белгиленген. Ага 100дөн ашуун өлкөдөн 4 миңге чукул спортчу, 100 миңге чукул көрүүчү келери болжолдонуп жатканы айтылат маалыматта.

Оюндардын ачылыш салтанаты «Астана-Арена» стадионунда, жабылыш аземи «Казанат» ипподромунда болот. Буга байланыштуу ипподромдун аймагына күнүнө 30 миңге чукул адамды кабыл алууга ылайыкташкан «Көчмөндөр ааламы (Көшпенділер әлемі)» айылы салынып жатканы белгилүү болду.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн «Улуу талаа дүбүртү» урааны тандалып алынган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — ар эки жыл сайын өтүп туруучу эл аралык мелдеш. Анда көчмөн калктарга таандык делген этникалык спорттун көптөгөн түрү ойнотулат.

Оюнду өткөрүү демилгесин Түрк кеңеши эл аралык уюмунун 2012-жылдагы саммитинде Кыргызстандын ошол кездеги мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев көтөрүп, алгачкы үч оюнду (2014, 2016, 2018) Кыргыз Республикасы өткөрүп берген.

2020-жылдагы оюнду өткөрүүнү Түркия мамлекети алып, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу убактысы 2022-жылга жылдырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM