Биз менен байланышыңыз

Коомдук унааларга жол кирени MegaPay аркылуу арзан төлөө — убактылуу акция

Кыска кабар | 19 Янв 2024 | 187 | 0

«Альфа Телеком» жабык акционердик коому коомдук унааларга MegaPay тиркемеси аркылуу арзандатылган жол кире төлөө убактылуу өнөктүк экенин маалымдады.

«MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу төлөм жүргүзүүдө, муниципалдык   транспортто жүрүү акысы мурдагы бааны ─ 11 сомду түзөт! Акция 2024-жылдын 30-январынан 2024-жылдын 10-мартына чейин аракетте болот», — деп жазды компания өзүнүн сайтына.

Айта кетсек, Бишкекте жол кирени жогорулатууну демилгелеген мыйзамды шаардык кеңеш өткөн жылдын 27-декабрында кабыл алган. Бул мыйзамдын негизинде кабыл алынган токтомго 15-январда кол коюлуп, жаңы тариф 30-январда күчүнө кирери белгиленген.

Жаңы кабыл алынган тарифке ылайык, автобус-троллейбустарга жол кире төмөнкүдөй тартипте төлөнөрү айтылган:

  • Накталай төлөм — 20 сом;
  • «Тулпар» картасы менен төлөм — 17 сом;
  • Megapay тиркемеси менен төлөм — 11 сом.

Ал эми маршруттук кичи бустарга жол кире 20 сомдон болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM