Биз менен байланышыңыз

Президент Алай районунун акимин алмаштырды

Кыска кабар | 18 Янв 2024 | 121 | 0

Президент кол койгон тескеменин негизинде Алай районунун акими Азамат Кожомамбетов ээлеген ордунан бошотулуп, ордуна Чыңгыз Бапаев аким болуп дайындалды.

Бапаев Чыңгыз Арстанбекович 1985-жылы Ысык-Көл облусунда туулган.

2008-2012-жылдары Ысык-Көл облустук администрациясында агроөнөр жайды өнүктүрүү жана табиятты коргоо бөлүмүндө жетектөөчү адис кызматын аркалаган.

2012-2015-жылдары Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында жердин пайдаланылышын жана корголушун көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору болгон.

2017-жылдын февраль айында Каракол шаардык мэриясына жетектөөчү адис кызматына келип, ошол эле жылдын октябрь айында Пристань-Пржевальский аймактык башкармалыгында жетекчи кызматына которулуп, ал жерде 2020-жылга чейин эмгектенген.

2021-жылы 14-январда Каракол шаардык мэриясына караштуу муниципалдык мүлк башкармалыгына жетекчи болуп орношкон. Ошол эле жылдын 22-июлунда Каракол мэринин биринчи орун басары кызматына дайындалып, 2023-жылдын 13-майында Президенттин тескемеси менен өзү иштеген шаарга мэр болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM