Биз менен байланышыңыз

Пакистандын Иранга абадан урган соккусунан 9 адам көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Янв 2024 | 296 | 0

Пакистандын Иранга абадан урган соккусунан эки эркек, үч аял, төрт бала көз жумду. Бул тууралуу Систан-Белужистан провинциясынын губернаторунун орун басары билдиргенин IRNA маалымат агенттиги жазды.

Айта кетсек, Пакистан бүгүн, 18-январдын таңында Ирандын чек арадагы аймагы Сераванга жети жолу сокку урган. Пакистан бийлиги муну «террорчулар жайгашкан жерлерди бутага алуу» аракети катары түшүндүрүшкөн.

Андан эки күн мурда 16-январда Ирандагы Ислам революциясын коргоо корпусу Пакистандагы «Жайш ал-Адл» тобунун базасына ракета жана дрондор менен сокку урган. Пакистан өкмөтү андан эки бала каза таап, үч адам жарадар болгонун билдирип, Иранды «аба мейкиндигиндеги чек араны бузду» деп айыптаган.

Ошондой эле бул чабуул жоопсуз калбасын айткан Пакистан бийлиги Ирандагы элчисин чакыртып алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM