Биз менен байланышыңыз

Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издегендер 358ге жетти

Кыска кабар | 18 Янв 2024 | 163 | 0

Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамдын издегендер 358ге жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Издөөгө чыккандардын 187си ӨКМдин, бешөө «Инсараг» тобунун куткаруучулары болсо, 27си ыктыярчылар, 139у ИИМдин кызматкерлери. Булардын ичинде 5 кинолог да бар.

Алар ӨКМдин 11 дрону, «Инсарагдын» 4 дрону, ыктыярчылар берген 3 дрон менен иш алып барышууда. Мындан башка да 20 атайын техника бар, алардын ичинен 17си ӨКМге таандык.

Айта кетсек, 16-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Аламүдүн капчыгайындагы «Тёплые ключи» эс алуу борборунан 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мукамбеталы аттуу жигит 14-январдан бери дайынсыз болуп жатканы кабарланган.

Жигитти издөө иштери министр Бообек Ажикеевдин көзөмөлү астында жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM