Биз менен байланышыңыз

Кримчөйрөнүн өкүлү «Коён» опузалоого шектелип кайра камалды (видео)

Кыска кабар | 18 Янв 2024 | 368 | 0

Уюшкан кылмыштуу топтун «Коён» каймана ысымдуу мүчөсү, Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган тургуну Майрамбек Низамов кайра камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Суу райондук милициясына чоң суммадагы акча талап кылгандарга чара көрүү өтүнүчү менен Ош шаарынын тургуну кайрылган. Арыздан белгилүү болгондой, аны эки чала таанышы опузалап, 70 миң сомун тартып алышкан.

Аны менен тим калбай, тигил эки адам дагы 200 миң сом беришин талап кылышып, «бербесе ар-намысына шек келтирген маалымат таратабыз» деп коркутушкан.

Топтолгон материалдын негизинде Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен иш козгогон.

Бул фактынын негизинде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустук милициясынын кызматкерлери биргеликте иш жүргүзүп, шектүүлөрдүн биринин мурда да бир нече жолу соттолгонун, кылмыш чөйрөсүнө белгилүү адам экенин аныкташкан.

Атайын уюштурулган операциясын аркасында шектүүлөр Ош шаарындагы соода борборлорунун биринин алдындагы унаа токтотуучу жайдан айтылган сумманын 100 миң сомун алып жатышкан жеринен колго түшкөн.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда бул ишке катышы бар башка адамдарды издөө иштери жүрүп жатканы айтылган маалыматта.

Айта кетсек, кримчөйрөнүн «Коён» каймана ысымдуу өкүлү Майрамбек Низамов буга чейин алты жолу соттолгон. Акыркы жолу 10-январда алдамчылыкка шектелип кармалып, 12-январда үй камагына чыгарылган. Ички иштер органдарынын маалыматына караганда, ал күрөөканалардын бирине ичине буроо салынган iPhon 14 pro Max үлгүсүндөгү телефондун бош кутусун күрөөгө коюп, 50 миң сом алып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM