Биз менен байланышыңыз

Камчы Көлбаев иши: Экс-премьер-министрдин жакынына издөө жарыяланды

Кыска кабар | 18 Янв 2024 | 192 | 0

«Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин мүлкүн адалдоо иштерине катышкан» деген шек менен мурдагы премьер-министрлердин биринин жакыны М.У.Д.га издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМКнын маалыматында бул адамдын кримтөбөл Камчы Көлбаевдин мүлктөрү кылмыштуу жол менен, талап-тоноо жолу менен табылганын билип туруп, 2018-жылдан бери ал уюштурган кылмыштуу чөйрө менен жигердүү иштешип келгени айтылат.

Андан тышкары М.У.Д. Камчы Көлбаев менен биргеликте Чолпон-Ата шаарындагы Flamingo Bay ресторанын, «Каганат» пансионатын, White түнкү клубун иштетип келген, «Ордо» борборунун 3-кабатына элиталык түнкү клуб ачууну көздөп жүргөн.

Ошондой эле М.У.Д. өзү ээлик кылган Бишкек шаарындагы «Асман», Social Coffee, Urban, Sushi Room, Red cow, Cakes/bubbles, My shisha, Aroma, «Тесто Место» ресторандарынын кирешесинин бир бөлүгүн уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого жумшап келген.

М.У.Д. аны менен катар Дубайдын Пальм Жумейра аймагындагы SAYA Brasserie тармактык компаниясына караган MURA, Eva Beach Restaurant, Patriki, Daily Huqqa, Milky Jar ресторандарына, Алматы шаарындагы Soccial Group Almaty тармактык компаниясы тейлеген Eva Terrace, Urban, Local, Daily coffee, Mongol bar ресторандарына ээлик кылган Aiza Hospitality компаниясынын кожоюну экени маалымдалган.

Шектүү кирешесин жашыруу максатында мүлктөрүнүн баарын ар башка адамга каттатканы, иликтөөнүн жүрүшүндө Чүй облусунун аймагынан ушундай эле жол менен жашырып келген 180 жер тилкеси, Чолпон-Атадагы «Каганат» пансионатында коттедждери бар экени да кабарланды.

Бул айтылган фактылардын негизинде УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (уюшкан топ түзүү же ага катышуу) менен сыртынан иш козгоп, М.У.Д.га издөө жарыялады.

Ачык булактардан алынган маалыматта УКМК белгилеп өткөн Social coffee ресторанын мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун уулу Үсөнов Мурат Даниярович түптөгөнү жазылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM